Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Биринчи  мектеп  1931-жылдын  күз  айында  Кайкалак  өрөөнүндө  курулган. Бул  Көлбай  салдырган   мектеп   деп  аталат. Кызыл   мугалимдер Өмүражы  Алыбай  уулу, Өмүралы  Ороз  уулу  жана  Жапар  деген  инсандар  болушкан. Улуу  Ата  Мекендик  согуш  жылдарында  Кайкалактагы  мектепке  жетекчи  болуп  Учкундук  Ысык  Айнаке  уулу  иштеген.  Мектепте   Расия Абдыбек  кызы,  Сыдыгалиев  Жусуп (Куланак), Эшпай  Токсобаев (Учкун), Айкүмүш  Абдрахманова  (Куланак) ж.б. мугалим  болушкан.Жаз,  күз  мектеп  эл  иштеген   жерлерде  боз үйлөрдө  уюштурушкан.Айылдан  чыккан биринчи  «Кызыл  мугалим»  Канымет  уулу  Аалы  болгон.

1933-жылы  мектеп   Кайкалактан  көчүрүлүп, жонго  салынган (Азыркы маданият  аймагы.)Мындан  Ак-Тал  жана  өзүбүздүн   эки  айылдын  элинин   балдары  жетинчи  класска чейин  окушкан.  Мектеп  жетекчиси  Эки –Нарындык    Мамбетов  деген адам болгон.

1947-1948-жылдарда   мектеп  жети  жылдыкка  айланып   кайрадан  ойго  көчүрүлүп  салынган. Жетекчиси  Мамбеталиев  деген   адам  болгон.

1968-жылы  күз  айында  мектеп  азыркы  ордуна  жащыртылып  сегиз  жылдык  болуп аталган. Жетекчиси  Жакыпова  Зейне болгон.

1977-1979-жылдары  мектеп  толук  орто мектеп  болуп ачылып  директорлугуна Асанбек  Супаев   дайындалган

1979-1988-жылдары  Болот Сатыгулов,

1988-1990-жылдары  Жусупбеков  Төлөбек  иштеген.

1990-2014-жылдары   мектепте  директор  болуп  Сейтек Кошалиев  эмгектенген.

2014-2015-жылы  Жээналиев  Сүйүндүк   директорлугуна дайындалган.   Сулайманова  Венера  2015-2016-жылдары директор болуп эмгектенген.

2016-2022-жылы   Исакова  Гүлайым директор болгон.

2022-жылы директорлукка С.Тыналиева дайындалды.

Бүгүнкү күндө  мектепте  13-класс –комплект бар, 223  окуучу  билим  алышат, Аларга  25  мугалим  тарбия-таалим беришүүдө. Мектеп  Улуттук  «Билим» программасына   ылайык компьютердик  зал, жаңы  окуу  китептери   менен  жабдылган.

 

Эмблема

Биз жөнүндө

 

Мектептин  концепциясы

Өзүнүн жана жалпы коомдун жашоосунун сапатынын үзгүлтүксүз жогорулашын камсыздай ала турган атаандаштык, турмуштук жана кесиптик жактан ыкчамдуу инсанды калыптандырууга багытталган мектептин окуучуларынын билимдеринин заманбап сапатын камсыз кылуу.

 

Мектептин усулдук темасы

«Коопсуздуу билим берүү мейкиндигинде жогорку маалыматтык маданиятты калыптандыруу инсанды ийгиликтүү коомдоштурунун кыймылдаткыч күчү катары»

 

Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета